"ОКУ" долбоору

Таржымалы

 «Оку» долбоору 2013-жылы «Ыйык Ата Журт» коомдук жаштар ...

 

Толук маалымат

Таржымалы

«Оку» долбоору 2013-жылы «Ыйык Ата Журт» коомдук жаштар фонду тарабынан негизделип, китеп окуу маданиятын өнүктүрүүгө багытталган. Бул долбоордун алкагында мамлекеттик жана бейөкмөт уюмдар ар кандай тематикадагы китептер боюнча эл аралык жана республикалык масштабда конкурстарды уюштуруп келет.

 

Максаты

Элибиздин окууга болгон кызыгуусун арттыруу менен бирге ...

Толук маалымат

Максаты

Элибиздин окууга болгон кызыгуусун арттыруу менен бирге, китепкөй, билимдүү коомдун өсүшүнө жана кыргыз тилинде жарык көргөн китептердин эл арасына таралышына салым кошуу.

Конкурс тууралуу

2020-жылдын сентябрь-октябрь айлары үчүн «ОКУ!» ...

 

Толук маалымат

Конкурс тууралуу

2020-жылдын сентябрь-октябрь айлары үчүн «ОКУ!» долбоорунун алкагында «Кыргыз жан дүйнөсү» китебинен тест түрүндө онлайн сынак уюштурулат. Катталуу 2020 – жылдын 10-сентябрынан 25-октябрга чейин уланып, сынак 2020-жылдын 1-ноябрында саат 11:00дө башталат.

Конкурстун шарттаары

1. Конкурска бардык жарандар, дүйнөнүн бардык жеринен катыша

Толук маалымат

Конкурстун шарттаары

  1. Конкурска бардык жарандар, дүйнөнүн бардык жеринен катыша алат.
  2. Конкурс онлайн өткөрүлөт.
  3. Конкурска катышуучулардын жашы чектелбейт.
  4. Белектер Бишкек шаарында тапшырылат.
  5. Бирдей упай алган жеңүүчүлөр чүчүкулак аркылуу аныкталат.
  6. Конкурска катышуу үчүн сөзсүз каттоодон өтүш керек. Каттоонун акыркы мөөнөтү 25.10.2020.
  7. Конкурска катталуу oku.biz.kg сайтында жүргүзүлөт.
  8. Конкурска дүйнөнүн бардык жеринен катталууга болот.
  9. Бир ат менен бир канча жолу катталгандардын бирөөсү гана конкурска катышат.
  10.  Маалыматтары ката, же толук эмес толтурулгандар үчүн уюштуруучулар жооптуу эмес.
  11.  Конкурстун сынагы онлайн болуп, тест түрүндө тапшырылат.
  12.  Сынак мөөнөтү чектелүү жана баарына бирдей.
  13.  Сынак белгилүү убакта бир жолу гана өткөрүлөт.
  14.  Туура эмес жооп үчүн упай кемитилбейт.
 

«Оку» долбоору

Сабыр Иптаровдун "Кыргыз жан дүйнөсү" чыгармасы боюнча онлайн китеп окуу конкурсун жарыялайт!

Уюштуруучулар

Сурап билүү номурлары

Сурап билүү номуру

Телефон: 0775 333 546

Ватсапп: 0775 333 546

Эл. почта: okudolbooru@gmail.com